Ижарага алып, кийин сатып алса болот. Баткенде турак жайлар курулат

Кийин сатып алуу механизми боюнча ижарага берилчү турак жайлардын чек арага чектеш аймактарда курулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Баткен облусунда чек арага жакын райондордо кийин сатып алуу механизми боюнча ижарага берилүүчү турак жайлардын курулушу башталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекеттик ипотекалык компанияга уставдык капиталдын каражаттарынан 200 миллион сомду кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды андан ары ижарага берүү үчүн Баткен облусунун чек ара райондорунда аталган объектилердин курулушун инвестициялоого жумшоо сунушталган", — деп айтылган маалыматта.
Аталган чечим "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
"Буга катар Баткен облусунун чек ара аймактарынын тургундары үчүн кийин сатып алуу механизми боюнча турак жайды ижарага берүүнүн шарттары бекитилди", — деп билдирди маалымат кызматы.
Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңешке турак жай фондун көбөйтүүгө муктаж болгон калктуу конуштарды аныктап, жогорудагы ыкма боюнча үйдү ижарага алууга талапкерлердин тизмесин бекитүү тапшырылган.
Баткен башчысы Алимбаев баштаган аткаминерлер Зардалыга жөө барды. Видео