Шакиев: айыл өкмөттөр ыйлап жатышат, тендер деген балээни жойбосок болбойт

Эл өкүлү бир кап акиташ алса дагы тендерге катышуу кыйынчылык жаратып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөн тендерди жоюп салууну сунуштады.
Анын айтымында, жакында эле тендер боюнча мыйзам өзгөртүлгөн, бирок анда айыл өкмөттөргө жана мамлекеттик мекемелерге тиешелүү маселе камтылып калган.
"Азыр айыл өкмөт башчылары "бир кап акиташ алсак дагы тендерге катышабыз" деп ыйлап жатышат. Канча иштер чечилбей калууда, мектептерге бир лампочка алып бере албай жатышат. Башка мекемелер дагы калем, дептер ала албай отурушат. Ошон үчүн ушул мыйзамды башынан карап, тендер деген балээни жоюп салбасак болбойт", — деди Шакиев.
1000 долларга чейин сурайт. Депутат №29 мектептин директорунун үстүнөн даттанды