Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларынын жыйыны башталды

Жыйынга сегиз мамлекеттин ИИМ өкүлдөрү жана кылмыштуулук менен күрөшкөн мекемелердин кызматкерлери катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин ички иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин ички иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны башталды

2 / 3

Билдирмеге караганда, ага Кыргызстан, Азербейжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын ИИМ делегациялары, Уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Терроризмге каршы борборунда иштегендер катышып жатат

3 / 3

Жыйында аталган мамлекеттердин ортосундагы кылмыштуулукка, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программалардын аткарылышы талкууланып, ага каршы турууда биргелешкен чечимдерди кабыл алуу маселелери каралмакчы.

Билдирмеге караганда, ага Кыргызстан, Азербейжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын ИИМ делегациялары, Уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Терроризмге каршы борборунда иштегендер катышып жатат.
Жыйында аталган мамлекеттердин ортосундагы кылмыштуулукка, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программалардын аткарылышы талкууланып, ага каршы турууда биргелешкен чечимдерди кабыл алуу маселелери каралмакчы.
Радио
Бердиев: ЕАЭБ жана КМШнын II Жаштар форуму Россияда өтөт