Дүйнөдө COVID-19дан көз жумгандар азаюуда. ДССУнун билдирүүсү

Эл аралык уюмдун башчысынын айтымында, жума сайын катталган өлүм көрсөткүчүнүн саны февралдан бери 80 пайызга төмөндөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынан көз жумгандар азаюуда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды.
"Коронавирусту жуктургандар жана андан көз жумгандар азыр да катталууда. Бирок статистика мындан ары өспөйт деген божомол бар. Жума сайын катталган өлүм көрсөткүчүнүн саны февралдан бери 80 пайызга төмөндөдү", — деди ДССУ башчысы.
Соңку маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө пандемиядан бери 598 миллион кишиден COVID-19 аныкталып, 6,4 миллион адам каза тапкан.
Кыргызстанда өткөн жумада, 29-августтан 4-сентябрга чейин, коронавирусту 119 адам жуктурган. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча жалпысынан COVID-19дун 205 835 учуру катталды.
Радио
Алмазова: COVID-19ду жөтөл аркылуу аныктоочу технология презентацияланды