СССРдин мурдагы мамлекеттеринде бул дата эскерилип келет. Бишкекте да бул күнгө арналып "Эскерүү сабагы" акциясы өттү.
Анда борбор калаанын окуучуларына Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы трагедиялуу окуялар, анын ичинен Ленинград курчоосу тууралуу айтып беришти.
"Эскерүү сабагы" Бишкектеги блокадачыларга арналган эстеликтин жанында уюштурулду. Иш-чарага Ленинград курчоосунда калгандардын кыргыз коомунун, "Кант" аба базасынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Ачык сабакта балдар Ленинград курчоосунда калгандар жөнүндө ырларды көркөм окушту. Андан соң аза күтүү мүнөтү болуп, аягында блокадада көз жумгандардын, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арнап гүлчамбар коюшту.
Блокадада калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң баланын эвакуациялангандыгы айтылып келет. Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. 4 500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон.
Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу каарман инсан багып өстүргөн.
Тема боюнча: