Бишкекке 100дөй өлкөдөн ректорлор келип, университеттердин ролун талкуулашат

Форумду министрлик менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму уюштуруп жатканы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте "Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу" аталышындагы ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, форум 14-15-сентябрда болот.
"Анда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн келген жогорку окуу жайлардын ректорлору университеттердин илимий ишмердүүлүгүн жогорулатуу, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана технологияларды өткөрүп берүү ыкмаларын талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.
Форумду Билим берүү жана илим министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму уюштуруп жатканы кошумчаланды.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштары 10 долбоор сунуштады