Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден Украинага 675 млн. долларлык аскердик жардам көрсөтүүнү колдоду

Киевге көрсөтүлчү кезектеги аскердик жардамда эмне камтылганы азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Украинага аскердик жардамдын жаңы пакетин бөлүүнү колдоду. Бул тууралуу журналисттерге АКШнын коргоо министри Ллойд Остин айтканын РИА Новости жазды.
"Кечээ президент Украинага жардам көрсөтүү боюнча жаңы траншты кубаттады. Анын жалпы суммасы 675 миллион долларды түзөт", — деген Пентагон башчысы.
Киевге көрсөтүлчү кезектеги аскердик жардамдын ичинде эмне бар экени азырынча белгисиз.
24-февралда Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы башталгандан кийин АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Украинага байма-бай аскердик техника жөнөтө баштады. АКШ президенти Жо Байден Киев режимине 40 миллиард долларга жакын аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Июлда Вашингтон 820 миллион долларлык аскердик жардам пакетин жарыялаган. Украинага курал-жарак жеткирилгени үчүн Россия буга чейин НАТОго нота жөнөткөн. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага Батыштан курал-жарактарды берип жатканы орус-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип, терс таасирин тийгизерин айткан.
Россия эмне себептен аскер кызматкерлеринин санын 137 миңге көбөйттү