БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ушул күндөрү Владивостокто Чыгыш экономикалык форуму өтүп жатат. Ага Россиянын президенти Владимир Путин катышып, РФ гана эмес, дүйнөлүк экономикага тиешелүү бир топ билдирүүлөрдү жасады.
Төмөндө анын айткандарынын урунттуу учурларын сунуштайбыз:
Батыштын санкциялык чектөөлөрү бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурат;
АКШ дүйнөгө үстөмдүгүнөн кол жууп баратканы менен санкциялык саясат жагынан алдына эч кимди салбай келе жатат;
Батыш өзүнө гана пайдалуу болгон дүйнөлүк тартипти сактоого аракет кылууда;
АКШнын дүйнөдөгү диктатурасын сактап калуу үчүн Европада адамдардын жашоо сапаты курмандыкка чалынууда;
Акыркы жылдары эл аралык мамилелер системасында ири өзгөрүүлөр болуп, Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн ролу бир топ жогорулады;
Европада ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөп, көптөрү жабылууда;
Долларга, еврого жана фунт стерлингге болгон ишеним жоголду;
Россияда инфляция төмөндөөдө, жылдын соңуна чейин ал болжол менен 12 пайызды түзөт;
Батыш мамлекеттеринин азык-түлүктү массалык түрдө сатып алуусу баанын көтөрүлүшүнө алып келет. Бул жакыр өлкөлөр үчүн трагедияга айланышы мүмкүн.