Алтын куйма кармап түшкөн Садыр Жапаровдун бир тууганы. Сүрөт талкуу жаратууда

Президенттин маалымат катчысы алгач бул сүрөт 2016-2017-жылы тартылганын айтып, кайра жаңылганын моюндаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев президенттин бир тууганынын соцтармакта тараган сүрөтүнө түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, интернетке өлкө башчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровдун алтын куйма кармап турган сүрөтү тараган.
Президенттин маалымат катчысы бул сүрөт эски экенин айтып, кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.
Садыр Жапаров: Кумтөрдүн арты менен эми "Тамчы" СЭЗин курабыз