14 жаштагы кыздын өлүмү: депутаттар өлүм жазасын киргизүү керектигин айтууда

Жыйында педофилдерге өлүм жазасын киргизүү маселеси кайрадан көтөрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Кадамжайда секелек кыздын зордукталып, өлтүрүлүшү боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угат.
Жыйындын башында бир нече депутат жан кейиткен окуя тууралуу айтып, күнөөлүү тараптарды аёосуз жазалоону талап кылды. Арасында педофилдерге өлүм жазасын киргизүү керектигин айткандар да болду.
"Гуманизация деп өлүм жазасын жок кылып койдук. Гуманизациянын аягында гумансыздар келип өлтүрүп жатат. Мындай адамдар өлүмдөн башка эч нерседен коркпойт. Коррупция бар өлкөдө жазадан дагы коркпойт, бүгүн 15 жылга кесилет да үч жылдан кийин карасаң эркиндикте жүргөн болот. Анан дагы каалаганын кылып баштайт. Өлүм жазасын киргизиш керек, андан башка жол жок", — деди эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков.
Ал эми Марлен Маматалиев өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияны өзгөртүү керектигин белгилеп, андыктан элден 300 миң кол чогултуп референдум жарыялоону сунуштады.
Натыйжада аталган окуя боюнча кийинки жумада өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын угуу чечимин кабыл алышты.
Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Бул трагедия боюнча үн каткан Садыр Жапаров кылмышкерлер өтө катуу жаза алуу керектигин жана аталган иш жеке көзөмөлүндө болорун айткан.
Баткен ОИИБи: 14 жаштагы кыздын өлүмүнө милиционердин тиешеси жок