Ош, Нарында терминалдарды талкалап, акчасын алышкан. Шектүүлөр кармалды

Кармалгандардын эки облустан башка аймактарда уурулук кылганын милиция текшерип жатканы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда уюлдук компаниялардын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 400 сомду уурдоого шектелип беш жаран кармалды. Бул туурасында Ош облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4

Ош облусунун Араван районунда уюлдук компаниялардын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 400 сомду уурдоого шектелип беш жаран кармалды

2 / 4

2022-жылдын 2-сентябрында саат 03:00 чамасында Араван районундагы дүкөндөрдүн биринде жайгашкан уюлдук компаниялардын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 400 сом акчасын белгисиз жарандар уурдап кеткени боюнча Араван РИИБине арыз түшкөн.

3 / 4

Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн, Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери шектүү катары 22 жаштагы Б. уулу М., 27 жаштагы Т.С., 24 жаштагы Б.И., 23 жаштагы С. уулу Т., 22 жаштагы Д.К. аттуу адамдарды кармап, Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизген

4 / 4

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин ("Уурдоо") негизинде иш козголгон.

2022-жылдын 2-сентябрында саат 03:00 чамасында Араван районундагы дүкөндөрдүн биринде жайгашкан уюлдук компаниялардын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 400 сом акчасын белгисиз жарандар уурдап кеткени боюнча Араван РИИБине арыз түшкөн.
Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн, Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери шектүү катары 22 жаштагы Б. уулу М., 27 жаштагы Т.С., 24 жаштагы Б.И., 23 жаштагы С. уулу Т., 22 жаштагы Д.К. аттуу адамдарды кармап, Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин ("Уурдоо") негизинде иш козголгон.

"Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыштуу топ тарабынан Өзгөн, Кара-Суу райондорунун жана Нарын облусунун аймагында терминалдарды талкалап уурулук кылынганы белгилүү болду. Ошондой эле дагы башка аймактарда ушундай кылмыштарга катышы бар же жоктугу тешерилип жатат", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Милициядан кылмышка шектүүлөр ижарага жолтандабас автоунаасын алып, аны пайдаланган соң Суусамыр өрөөнүнө жашырып, таштап кетишкенин билдиришти.
Ошондой эле жалпы чыгымдарды тактоо жана тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтышты.
Эки жыл мурун "Ош" базарынан ири суммада акча уурдаган чөнтөкчү кармалды. Видео