Жакында көп жыл иштеген оорукана жетекчилери кетип, сынак менен дайындалат

Министрликке көрсөтүлгөн талапкер бул саамалык коррупциялык жолго бөгөт коюуга чоң салым кошот деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жакында көп жылдан бери отурган ооруканалардын жетекчилери дагы иштен бошотулуп, сынак аркылуу дайындалат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Гүлнара Баатырова парламентте билдирди.
Жыйында депутат Руслан Жакышов ооруканаларды менчиги сымал пайдаланган жетекчилер бар экенин, аларды да мектеп директорлорундай кылып кетирүү керектигин айтты.
"Бул менин программамда бар. Көп жылдан бери отурган жетекчилерди алмаштыруу боюнча атайын долбоор иштелип бүтүп калды. Ага ылайык, биринчи аттестациядан өткөрүү менен кадрлар резервин түзүү, кийин алардын ичинен тестирлөө жолу менен конкурстук негизде өтсүн деген талапты коюп жатабыз. Буга адамдык фактор аралашпагандай болот", — деди Баатырова.
Ал мындай саамалык коррупциялык жолго бөгөт коюуга чоң салым кошот деп эсептейт.
Бишкекте 4 кабаттуу балдар ооруканасынын курулушу башталды. Сүрөт