Кыргызстанда санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ишке кирди. Сүрөт

Жарандар "КР жараны жана шайлоолор", "КР саясий системасы", "КР шайлоо процесси", "Кыргызстандын тарыхы", "Экология жана укук" сыяктуу программалар боюнча билим алат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. БШКга караштуу "Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору" долбоору ишке киргизилди. Президент Садыр Жапаров борборлордун бирине барып, иштин башталышына күбө болгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Республика боюнча китепканалардын жана жаштар борборлорунун негизинде жогоруда аталган борборлордун 70и онлайн режиминде иштей баштады.
1 / 6

БШКга караштуу "Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору" долбоору ишке киргизилди

2 / 6

Президент Садыр Жапаров борборлордун бирине барып, иштин башталышына күбө болгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

3 / 6

Республика боюнча китепканалардын жана жаштар борборлорунун негизинде жогоруда аталган борборлордун 70и онлайн режиминде иштей баштады

4 / 6

Жапаров окуп жаткан студенттер менен баарлашып, Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

5 / 6

Жарандар "КР жараны жана шайлоолор", "КР саясий системасы", "КР шайлоо процесси", "Кыргызстандын тарыхы", "Экология жана укук" сыяктуу порграммалар боюнча билим алат

6 / 6

Ал жыл аягына чейин алыскы райондордо жана айылдарда дагы бир нече борбор ачууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи

Жапаров окуп жаткан студенттер менен баарлашып, Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
"Алыскы райондордогу жашоочуларга билим берүү программаларынын жеткиликтүү болуп, электрондук тейлөөлөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга мүмкүндүк түзүлдү", — деди Жапаров.
Жарандар "КР жараны жана шайлоолор", "КР саясий системасы", "КР шайлоо процесси", "Кыргызстандын тарыхы", "Экология жана укук" сыяктуу порграммалар боюнча билим алат.
Ал жыл аягына чейин алыскы райондордо жана айылдарда дагы бир нече борбор ачууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.
Айыл өкмөттөрдүн ишин автоматташтырган "Санарип аймактын" жобосу бекитилди