Россияны оңой көрбөгүлө. Эрдоган Батышка эскертүү кылды

Түркиянын президент Режеп Тайип Эрдоган
Түркия лидери баары кепке келип, тынчтык орноп, кырдаалдын жакшырарына үмүт артты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. – Sputnik. Түркиянын президент Режеп Тайип Эрдоган Россия тоготпой кое турган мамлекет эместигин айтып, Батыштын энергетикалык каатчылыкка эртелеп даярданышы керектигин эскертти. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Россиянын тоготпой жаткандарга айтарым, силер жаңылдыңар. Россия эсептешпей кое турган өлкө эмес. Алар жаратылыш газын берүүнү азайтып койду эле Европада баалар көтөрүлдү. Азыр баары башын катырып жатат. Бирок бул тууралуу эмнеге башында ойлогон жоксуңар. Албетте, баарылап аны талай баштаганда Россия болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонот. Баары кепке келип, тынчтык орноп, бул нерселер соңуна чыгат деп үмүттөнөбүз. Кайрадан тынчтык орносун деп тилек кылабыз", — деген Эрдоган Сербия лидери Александр Вучич менен Белградда маалымат жыйын куруп жаткан учурда.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Эрдоган: Батыш Путинге каршы санкциясынын азабын тартып жатат