Аскердик мекемелерде мыйзам бузуу болсо чалгыла! Телефондор

Аскерлерди тартипти сактоого, кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетпөөгө чакырган иш-чаралар да өткөрүлүп жатканы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Аскер прокуратурасы аскердик бөлүктөрдө өз өмүрүнө кол салуу фактыларын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатканын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Мындан тышкары, тартипти сактоого, кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетпөөгө чакырган иш-чаралар да өткөрүлүп жатканы кошумчаланды.
Башкы прокуратура аскердик башкаруу органдарында жана аскердик мекемелерде мыйзам бузуу аракеттери байкалган учурда төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүндү:
Кыргызстандын аскер прокуратурасы — 0 (312) 62-47-39;
Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы — 0 (312) 56-01-03
Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы — 0 (3222) 4-25-74;
Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы — 0 (3944) 3-28-03;
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы — 0 (3622) 5-12-14;
Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы — 0 (3722) 2-03-44.
Белгилей кетсек, акыркы учурда аскердик бөлүктөрдө адам өмүрлөрү көп кыйылганы байкалууда.
Эми мектептерде аскерге чейинки даярдык күчөтүлүп окутулат. Маек