Акаев: өкмөт парламентти тоготпой калды, бийликти тең бөлүшсүн

Эл өкүлү учурда өкмөт парламентти тоготпой калды деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бийликтин тең салмактуулугу сакталышы үчүн парламенттин укуругун узартууну демилгеледи.
Жыйында жашы жете элек балдарды зордуктагандарга өлүм жазасын киргизүү үчүн референдум жарыялап, Конституцияны өзгөртүү маселеси көтөрүлгөн. Акаев ага кошуп бийликти тең бөлүшүүнү дагы кароо керектигин билдирди.
Анын айтымында, мурда парламент өкмөттүн отчётун кабыл албай, бюджеттин аткарылышын жактырбай койсо толугу менен отставкага кеткенге аргасыз болчу. Азыркы Баш мыйзам боюнча ЖК депутаттарынын рычагы жок, жалгыз күчү микрофон, коомдук пикир жана элдик колдоо болууда.
"Эгер өлүм жазасын киргизүү боюнча референдумга бара турган болсок, бийликти тең бөлүшүбүз керек. Парламенттин ролун ошол жерде күчөтүшүбүз зарыл. Тең салмактуу бийлик кылалы. Парламент, президент, аткаруу бийлиги бирдей болсун. Бири-бирин көзөмөлдөш керек. Бир мисалды айтып коёюн, азыр 19,2 тонна алтындын дайыны жок, белгисиз өлкөгө сатылышы боюнча карап бир чечим чыгарсак, өкмөт аткарбай койсо дагы эч нерсе кыла албайбыз. Бийлик ошондой маселелерди, бири-бирин көзөмөлдөп турушу зарыл", — деди Акаев.
Депутат парламент менен өкмөт ынтымакташып кетпей, бири-бирине кароол болуп турушу керектигин белгиледи.
Мыкаачылыкка үйрөтүүдө. Нуржигит Кадырбеков ММА спортун жайылткандарды сындады