Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын премьери согуштук аракеттерден өлкө канча зыянга учураганын айтты

Буга чейин Владимир Зеленский Украинаны кайра калыбына келтирүүгө болжол менен 600-800 миллиард доллар керектелерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Россиянын атайын операциясы башталгандан бери согуштук аракеттерден Украина 326 миллиард доллар өлчөмүндө зыянга учураган. Бул тууралуу аталган мамлекеттин премьер-министри Денис Шмыгаль Евробиримдик — Украина ассоциация кеңешинин Брюсселде өткөн жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Украина бийлиги мындай бааны Дүйнөлүк банктын эксперттери менен бирге бергени маалым болду.
Шмыгаль бул сумманын 105 миллиард доллары талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүүгө жумшала турганын кошумчалаган.
Дүйшөмбү күнү Брюсселде Евробиримдик — Украина ассоциация кеңешинин сегизинчи жыйыны өтүп, ага евроөкүлчүлүктүн башчысы Жозеп Боррель да катышты.
Буга чейин Владимир Зеленский Украинаны кайра калыбына келтирүүгө болжол менен 600-800 миллиард доллар керектелерин, так сумма аскердик иш-аракеттер токтогондон кийин белгилүү болорун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык полковник: Вашингтон тизгин тартпаса Украина бир топ аймагынан кол жууйт