БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын аймагындагы бардык мечиттерде адеп-ахлак, ыйман, зынаанын шарияттагы орду, балдар тарбиясы, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети боюнча баяндамалар жасалат. Бул туурасында муфтияттан кабарлашты.
"Баткен облусунун Кадамжай районундагы өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өмүрүнүн кыйылышы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлактын, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу жаатында баяндамалар жасалмакчы", — деп айтылган билдирүүдө.
Муфтияттын эмгек жамааты Кадамжай районунун Халмион айылында зордукчулардын колунан көз жумган кыздын ата-энесине жана тууган-уругуна терең кайгыруу менен көңүл айткан.
Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.