Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

МАГАТЭ миссиясы өз отчетунда Запорожье АЭСин аткылоону токтотууга чакырды

Токтоосуз аткылоо станциянын өтө маанилүү системаларына жана жабдууларына олуттуу зыян келтириши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. Sputnik. МАГАТЭ миссиясы отчетун жарыялап, Запорожье атомдук электр станциясын аткылоону токтотууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Токтоосуз аткылоо станциянын өтө маанилүү системаларына жана жабдууларына олуттуу зыян келтириши ыктымал. Анын ичинде радиоактивдүү материалдардын айлана-чөйрөгө чыгарылышы чектөөгө алынбай калуу кооптуулугу бар. Андыктан ЗАЭСти сактоо жана коопсуздугуна коркунуч туудурган аткылоолорду токтотуу абзел", — деп жазган документтин авторлору.
Кризистик кырдаалды болтурбоо ыкмаларынын бири — станциянын айланасына коргоочу зона түзүү болуп саналары белгиленген.
"Аны үчүн ЗАЭСтин айланасын коргоо жана өзөктүк коопсуздук зонасын түзүүгө бардык тийиштүү тараптардын макулдугу керек", — деп жазылат докладда.
МАГАТЭ миссиясы станциянын талкаланган жерлерин кадрга түшүргөн. Анда радиоактивдүү калдыктарды жана жаңы чыгарылган өзөктүк күйүүчү майды сактоочу атайын блок көрсөтүлгөн. Ошондой эле агенттиктин кызматкерлери ЗАЭСте электр энергиясын берүү бир нече жолу толук же жарым-жартылай үзгүлтүккө учураганын белгилеп, станциянын системаларынын ишине таасир бере турган бардык аскердик аракеттерди токтотууга чакырган.
Белгилей кетсек, 1-сентябрь күнү Рафаэль Гросси жетектеген МАГАТЭ миссиясы Запорожье АЭСине барган. "Росатомдун" делегациясынын башчысы жана ЗАЭСтин кызматкерлери миссияны станциянын бүт аймагын кыдыртып, украин аскерлеринин аткылоосунан жабыркаган тилкелерди көрсөткөн.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери, тагыраагы, март айынан тарта Россия аскерлери тарабынан АЭС кайтарылып келген. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо. Россия тарап МАГАТЭ миссиясы абал менен жеринен таанышып кетишине кызыкдар болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
МАГАТЭ ЗАЭСтин коопсуздугун камсыздаган механизмдерди киргизүү ниетинде