Милиция: Ысык-Көлдө мас болуп уруша кеткен эки салыкчынын бири көз жумду

ШИИБ шектүү өз күнөөсүн мойнуна алганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө эки салык кызматкери мас болуп алып чатакташа кетип, жыйынтыгында бири каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Бүгүн саат 3:10до Ысык-Көл райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө ооруканадан маалымат түшкөн. Анда Ананьево айылынын 34 жаштагы тургуну ичинен жаракат алып түшкөнү, кийин эсине келбеген бойдон көз жумганы айтылган.
Милициядан билдиришкендей, ошол эле түнү Бактуу-Долоноту айылынын 35 жаштагы Б.Д. аттуу тургуну 34 жаштагы К.У. аттуу кесиптеши менен жолукканы белгилүү болду.
"Ичимдик ичип отурган маалда экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Б.Д. кесиптешин бир нече жолу бычак менен ичке сайган. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө үзүлгөн", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалым болгондой, кармалган адам күнөөсүн мойнуна алган.
Сөөгү тоннелден табылган. Кадамжайда 14 жаштагы кыз киши колдуу болду