Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү: үч шектүү тең камалды

Чечимди Кадамжай райондук соту чыгарганы маалым болду. Бул трагедия боюнча үн каткан Садыр Жапаров кылмышкерлер өтө катуу жаза алышы керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кадамжай районундагы Халмион айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.
1 / 3

Кадамжай районундагы Халмион айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды

2 / 3

Мындай чечимди Кадамжай райондук соту кабыл алган

3 / 3

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 22-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен айып тагылган

Мындай чечимди Кадамжай райондук соту кабыл алган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 22-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен айып тагылган.
"Шектүүлөрдү эки айга камоо туурасында прокуратура сунуштама берген. Тергөөчү аны канааттандырды. Үч шектүү тең Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди. Козголгон иш учурда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин көзөмөлүндө турат. Белгилей кетсек, үч шектүүнү тең өмүр бою эркинен ажыратуу каралат", — деп билдирди ал.
Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.
Бул трагедия боюнча үн каткан Садыр Жапаров кылмышкерлер өтө катуу жаза алуу керектигин жана аталган иш жеке көзөмөлүндө болорун айткан.
Баткен ОИИБи: 14 жаштагы кыздын өлүмүнө милиционердин тиешеси жок