Ата-энеси 20 күн мурун Россияга кеткен. Баткенде өлтүрүлгөн кыз боюнча маалымат

Кыздын атасынын бир тууганы Үсөн Мурзадиллаевдин айтымында, ата-энеси каргашалуу окуядан 20 күн мурда эле Россияга иштегени кеткен. Маркум таенеси менен турчу.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысы Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын жакындары менен байланышып, окуянын чоо-жайын сурады.
Кыздын атасынын бир тууганы Үсөн Мурзадиллаевдин айтымында, ата-энеси каргашалуу окуядан 20 күн мурда эле Россияга иштегени кеткен. Окуучу кыз таенеси менен турчу.
"Бир үйдүн жалгыз кызы эле. Ата-энеси миграцияга кеткенден кийин таенеси менен калган. Кадамжайдын Халмион айыл өкмөтүндөгү Таш-Дөбө айылындагы мектепте 9-класста окучу. Таенеси да аталган мектепте техникалык кызматкер болуп иштейт", — деди Мурзадиллаев.
Ал кыздын сөөгү кечээ, 5-сентябрь күнү, Кадамжайдын Ноогардан айылында жерге берилгендигин кошумчалады. Ошондой эле шектүүлөрдүн баары тең башка айылдын жашоочулары болгонун, алардын бири үй-бүлөлүү экенин белгилеген.
Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.
Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыз. Садыр Жапаров үн катты