Ич оору да миокард инфарктынын белгиси болушу ыктымал

Дарыгердин айтымында, кээде жүрөк илдети ичти оорутуп, аппендицит, гастрит, ашказан жарасы болгондой же уулангандай туюлат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Ичтин оорусу жана кан басымдын төмөндөп кетиши миокард инфарктынын белгиси болушу ыктымал. Бул тууралуу кардиолог, медицина илимдеринин кандидаты Анна Кореневичке шилтеме кылып "Известия" агенттиги кабарлады
"Кээде жүрөк илдети ичти оорутуп, аппендицит, гастрит, ашказан жарасы болгондой же уулангандай туюлат. Ошондуктан инфарктыга кабылбаш үчүн электрокардиографиядан (ЭКГ) өтүп койгон оң", — деди дарыгер.
Ошондой эле бат чарчоо, тердөө жана кан басымдын 90/60, 80/40 деңгээлге чейин түшүп кетиши да аталган дарттын бир белгиси экени айтылды. Дарыгер бул көбүнчө кант диабети менен жабыркагандарда кездешерин эскертти.
Кардиолог Токтосунова жүрөк ооруларын алдын алуунун жөнөкөй жолдорун айтты