7-сентябрга карата аба ырайы

7-сентябрга караган түнү республика боюнча күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстанда эртең эң жогорку температура 37 градуска чыгат, облустардын ичинен Ош дубанынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл чөлкөмүндө +25...+30 жана Нарын жергесинде +26...+31 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +34...+36, Ошто +35...+37 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы качан кайтат? Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы