БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Интернеттеги керексиз маалыматтар адамдын психологиялык абалына терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу "Известия" психолог Раиса Богачевага шилтеме кылып билдирди.
"Интернет менен маалымат маанилүү роль ойногон заманда жашап жатабыз. Ошол эле учурда алардын көптүгү жана керексиз нерселер уйкунун бузулушуна, тынчсызданууга, кыжырданууга алып келүүдө", — деген адис.
Ал интернетке азыраак убакыт коротууга, маалыматтарды иргеп пайдаланууга кеңеш берген.
"Ар кандай маалыматтарды кабыл алуу — организм үчүн стресске тете нерсе. Анын айынан психика бузулуп, акыры депрессиялык абал жаралышы ыктымал", — деди психолог.
Богачева кечинде мээ жакшы эс алышы үчүн уйкуга эки саат калганда телефонду колдонбоого кеңеш берди. Смартфонду карамайынча тура албаган адамдар кечинде жан дүйнөнү эс алдырган музыка, аудиокитеп угуп, жакшы кинолорду көрсө болорун белгиледи.