БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөдү. Акча алмаштыруучу жайлар жана банктар аны өткөн аптанын соңуна салыштырмалуу орто эсеп менен 23 тыйынга арзан сатып жатышат.
Ушул тапта долларды акча алмаштыруучу жайлар 83 сомдон сатып алып, 84 сомдон сатып жатышат. Евро 25 тыйынга (орточо курс менен сатып алуу 82,12, сатуу 83,12 сом) арзандады. Рублдин курсунда олуттуу өзгөрүү жок.
Күйүүчү майдын баасы ошол бойдон калууда.
"Роснефть":
АИ-92 — 63,6 сом;
АИ-95 — 66,5;
дизель майы — 74,9.
"Бишкек Петролеум":
АИ-92 — 60,9;
АИ-95 — 65,9;
дизель майы — 75,4.
Алтын куймаларынын баасы да 100 граммды кошпогондо мурдагы позициясында калды. 100 граммдык куймалар 5 миң 517 сомго кымбаттады.