Депутаттар аткаминерлердин расмий тилдеги баяндамасын угуудан баш тартты

Комитет жыйынды кыргыз тилинде гана өткөрүү чечимин кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде депутаттар аткаминерлердин баяндамасын орус тилинде угуудан баш тартты.
Жыйынга айыл чарба министринин орун басары Нурия Сооронова, Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев, Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары Абдибай Жайлообаев, Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин директору Улан Төрөгелдиев чакырылган. Бирок алардын кээ бири себепсиз эле келбей коюшту. Ал эми баяндамачы аткаминер расмий тилде сүйлөөнү суранды.
Эл өкүлдөрү Алишер Козуев менен Жалалидин Нурбаев мыйзам долбоору айыл чарба багытында болгондуктан кыргыз тилинде баяндама жасашын талап кылышты. Комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев буга чейин жыйынды кыргыз тилинде өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды.
"Анда бул маселени күн тартибинен алабыз. Кийинки жыйынга даярданып келиңиздер. Туура түшүнүңүздөр, биз кыргыз тилин өнүктүрүшүбүз керек. Андыктан баяндамаларды мамлекеттик тилде гана карайбыз деп чечим кабыл алганбыз. Бул кемчилик боюнча өзүңөрдүн жазаңарды аласыңар", — деди Кенжебаев.
Ал эми депутат Жаныбек Кыдыкбаев бүгүнкү баяндамасын расмий тилде угуп, кийинкисине эскертүү берүүнү сунуштады. Козуев жыйынды көрүп жаткандардын 80-90 пайызы кыргыз тилдүү жарандар экенин айтып, көпчүлүккө баш ийүүгө чакырды.
Натыйжада бул маселе күн тартибинен алынып, чакырылгандардын баяндамасын угуудан баш тартышты.
ЖКда бирөөнүн талаасына мал жайса 30 миң сом айып салуу мыйзамы каралды