Радио

Жаныбеков: өткөн жылга салыштырмалуу быйыл түшүм мол болот

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков айыл чарбасынын негизин түзгөн сугат системасы быйыл жөнгө салынып, алгачкы иштер жасалганын айтты.
Sputnik
Жогорку сапаттагы үрөн алууга быйыл бюджеттен 1 миллиард 534 миллион сом бөлүнгөн. Анын 1 миллиард сомуна тиешелүү сорттогу үрөн сатып алынып, эми жемишин көрөбүз. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу түшүм мол болот.
"Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү былтыркыга салыштырмалуу жогору болууда. Учурда оруп-жыйноо иштеринин 80 пайыздан көбү жыйынтыкталып калды. Алардын ичинен кылкандуу дан эгиндеринин, буудай, жүгөрүнүн түшүмү жакшы. Мындан тышкары, жашылча-жемиш жыйналып жатат. Жакын арада картошка казылып баштаса түшүмдүн так көрсөткүчтөрү билинет. Жогорку сапаттагы үрөн алууга быйыл бюджеттен 1 миллиард 534 миллион сом бөлүнгөн. Анын 1 миллиард сомуна тиешелүү сорттогу үрөн сатып алынып, эми жемишин көрүүдөбүз. Айыл чарбасынын негизин түзгөн сугат системасы быйыл жөнгө салынып, алгачкы иштер жасалды. Албетте, ирригация үчүн көп каражат зарыл", — деди Жаныбеков.
Ошондой эле ал 2023-жылдын күздүк түшүмү менен Кыргызстандагы ар бир дыйкандын үрөнүн жаңылоого мүмкүн болорун кошумчалады.