БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз киши колдуу болгонун ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 4-сентябрь күнү саат 15:25тер чамасында милицияга Кадамжай районуна караштуу Алга айылынын тургуну чалып, мал жайып жүрүп Ноогардан айылынын түштүк тарабындагы сел өтүүчү тоннелдин ичинде белгисиз аялдын сөөгү жатканын кабарлаган. Аталган факт РИИБдин электрондук журналына катталган.
"Аялдын өздүгүн тактоо учурунда ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну, 14 жаштагы К.А. аттуу кыз экени аныкталган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Эмнеден көз жумганын билүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча кылмыш иши козголгон.
"Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.
ЖМКлардын алдын ала маалыматы боюнча, кыз зордукталган.