Башкаруу системасын жакшыртуу үчүн баалоо ыкмасы киргизилүүдө. Бул министрликтердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатарын Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай ыкма өнүккөн өлкөлөрдө, өнөктөштөрдөн Россияда колдонулат, ал эми Казакстанда онлайн түрү иштейт.
"Мамлекеттик башкарууда сөзсүз баалоо системасы болушу шарт. Аталган ыкма өнүккөн өлкөлөрдө, өнөктөштөрдөн Россияда дагы ийгиликтүү колдонулат. Ал эми Казакстанда бул ыкма онлайн түрүндө иштейт. Белгилүү болгондой, натыйжалуу башкаруу системасы жок өнүгүү болбойт. Ошондуктан бул ыкманы киргизүү зарыл. Өлкөнүн башкаруу системасына баалоо системасын буга чейин дагы киргизүү аракеттери көрүлгөн. Тилекке каршы, натыйжасыз болуп калган. Себеби методикасы татаал эле. Мындан улам оңой жана жөнөкөй ыкманы иштеп чыгуу пландалууда. Эми өкмөттүн беш жылдык планы каралып, анын аткарылышы көзөмөлдөнөт. Бул атайын система болгондуктан адамдык факторду болушунча жок кылууга аракеттер көрүлдү. Мамлекеттик органдардын отчетторун президенттик администрациянын мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмү изилдеп, атайын формулага киргизилип жыйынтык чыгарылат. Өлкөдө көптөгөн реформа, стратегия, пландар кабыл алынган. Алардан натыйжа чыкпай орто жолдо калып кетти. Себеби баалоо системасы жок болгон. Ошондуктан бул ыкманы киргизүү зарыл. Анткени ал мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат", — деди Темиркулов.
Ал баалоо ар алты ай сайын жүргүзүлүп, жылдын соңу менен негизги жыйынтык чыгарыларын кошумчалады.