6-сентябрга карата аба ырайы

6-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда эртең эң жогорку температура 37 градуска жетет. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады.
Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Чүйдө абанын температурасы 31... 36 градуска көтөрүлөт. Талас облусунда +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +32...+37, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +25...+30 градус болору айтылды.
Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында күндүн табы +34...+36 градус болору болжолдонду.
Гималайга аттанат. Кыргызстандык альпинисттердин экспедициясы 7-сентябрда башталат