Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында Кыргыз эл артисти, обончу жана ырчы Токон Эшпаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кеп кылдык. Бизде конокто залкар инсандын жубайы, маданияттын мыкты кызматкери Инаят Камбаралиева болду.
Токон Эшпаев "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.
Залкар инсандын жубайы, маданияттын мыкты кызматкери Инаят Камбаралиева
— Токон Эшпаев кичинесинен өгөй энесин өз энесиндей көрүп өскөнүн билебиз. Кандайча болгон?
— Токон 1950-жылы Кара-Суу айылынын Керме-Тоо аймагында төрөлгөн. Быйыл 21-июлда 72 жашка чыкмак. Эки жашка чыкканда ата-энеси дагы кыздуу болот. Бирок апасы ошол төрөттөн каза таап, эки жашар Токон менен жаңы төрөлгөн ымыркайды кароо түйшүгү эки эжесине жүктөлөт. Ыйлаак наристеге Токон кошулуп, "апамды таап бергиле" деп күнү-түнү чыр салып эжелеринин айласы кетет. Эптеп 40 күн өткөндөн кийин атасы айла жок экинчи апабызга (Салима аттуу келинге — ред.) үйлөнөт. Биринчи келгенде эле Токон "апалап" жармашкан экен.
Кайнатам апабыздан улуу болгондуктан "түндө качып кетип калсамбы" деген ою болот. Бирок кичинекей Токон "кетип калат" деп коркуп түнү менен этегин кармап, көйнөгүн тиштеп уктачу экен. Эшикке чыкса да артынан калбайт. Өз апасын жоготконго аябай коркуп калса керек.
Кийин мектепти бүтүп, Ош шаарына келип жогорку окуу жайына өтөт. Математиканы жакшы окучу экен, анан "физик-математик болосуң" деп атасы алып келип университетке киргизет. Ага көңүлү келбей, экзаменге бир күн калганда документин алып, акырын музыка факультетине тапшырат. Өтпөй калып айылына барат, атасынан тил угат. Айла жок кайра келип, ректорго абалын түшүндүрмөкчү болуп кабылдамада отурса эле музыка мугалими келип калат. Айтор, ошол агайынын жардамы менен бир жыл музыкалык факультеттин даярдоо курсунда окуп, анан студент болуптур. Күндөп-түндөп жакшы окуп, 2-курсунан баштап обон жаза баштаган. 1969-жылы өзү ырдап чыгып, үнүнүн уккулуктуулугу, бийиктиги менен ошол курстан тарта эле элге таанылат. Партиялык иш-чараларда ырдап, чет мамлекетке да бара баштайт. Ошентип көп жерди кыдырат. Кийин "Япония менен Америкага эле барбай барбай калдым" деп жүрдү. Москвага Оштон Бишкекке каттагандай эле тез-тез бара берчү. Жаштыгы ошентип өттү. Кийин зоболосу көтөрүлүп, наамдарды алды.
Кыргыз эл артисти, обончу жана ырчы Токон Эшпаев
© Фото / из семейного архива Эшпаевых
— Сиз менен кандайча таанышып калды?
— Мен анда музыкалык окуу жайда билим алып, агайыңар Ош педагогикалык институтунда окуп жүргөн. Экөөбүздүн тең студент кезибиз. Ал кезде бизди колхоздун жумушуна алып барчу. Жумушка баргандардын ичинен ырдаган, таланттуу балдарды тандап, Токон экөөбүздү алып калышты. Студенттерге концерт койчубуз. Ошентип таанышканбыз. Үч-төрт жылдай сүйлөшүп, 1970-жылдын сентябрь айында окууну бүтүп баш коштук.
— Чыгармачыл адам менен турмуш кечирүү оор болгон жокпу?
— Ырчылардын арасына барганда да дайым чыгармачыл адам менен жашоо татаал экенин айтып калам. Мындай адамдардын ички дүйнөсүн билүү керек. Жан дүйнөсү бай, бала кыял, таарынчаак, каалаганын жасаган адамдар болот. Тилин таап жашасаң жакшы эле. Сүйлөшүп жүргөндө бул адамды түшүнүп бүткөндөн кийин гана турмушка чыккам.
— Жашоодо кандай артыкчылыктары бар эле?
— Турмуш тиричиликте Токондун жакшы жагы — эркекке тийиштүү иштердин баарын жасачу. Анын бирине менин колумду тийгизген жок. Анан да үйлөнгөндөн тартып ушу кезге чейин машина менен жүрдүк. Бир да жолу автоунаабыз бузулуп көчөдө калып же "машина бузук эле бара албайм" деген сөзүн уккан жокмун. Машинасын өзү оңдоп, кандай техника болбосун өздөштүрүп алчу. Кыжыңдап аялдардын ишине киришип, майда-чүйдөнү сүйлөчү эмес. Берген ашыңды ичип, даярдаган кийимиңди кийип томпоюп жүрө берчү. Абдан жоош эле. "Тиги жок, бул мындай болуп калды" деп чыйпылыктасаң кенеп да койчу эмес. Ушул кебелбеген сапаты өзүнө тоскоолдук жаратчу. Анан конок тосуу жагынан алдыга киши салчу эмес. Үйдө тамак-аш барбы же жокпу, иши жок эле. Түнбү-күнбү, каалаган учурда ээрчитип келе берчү. Кээде "ай, бир айтып же үйдө азык-түлүк барын сурап койсоң болбойбу" дечүмүн да. Анда "сен аял катары ар дайым даяр болушуң керек" деген жооп укчумун. Адамды бай-кедей, колунан иш келет же келбейт деп бөлчү эмес. "Адамдын баары асыл" деп бирдей көрүп, топуратып ээрчитип келе берер эле. Кээде коноктон өзүбүзгө жатарга жер калбай калганда бошотуп берип, айылдагы үйгө кетип калчубуз.
Народный артист КР, композитор и певец Токон Эшпаев
© Фото / из семейного архива Эшпаевых
— Чыгармачылык менен кайсы учурда алектенет эле. Илхам келет деп коёбуз го...
— Өзүнүн убактысы бар болчу. Үйлөнгөндөн кийин өзүнчө бөлмө бөлүп берип, аккордеону, оокаттары ошол жакта болчу. Ага балдарды да киргизчү эмесмин. Тамак ичкенден кийин бөлмөсүнө кирип кетип чыгармачылык менен алектенчү. Аккордеонду кыңкылдатып отуруп обон жазганда мени чакырып угузуп, экөөбүз талкуулап калар элек.
— Балага кандай эле?
— Абдан баласаак болчу. Кайнатамдын биринчи аялынан эки кыз болот. Алар чоңоюп кетет. Анан өз кайненем Токондон кийинки наристени төрөгөндө каза болуп калып, кызды кайнежем багып алган. Ошентип жалгыз уул болуп өскөн. Жалгыздык жанына батканбы, айтор, "көп бала төрөчү, ойносом да, жатсам да жалгыз өстүм" деп суранчу. Ошол себептен беш балалуу болдук.
— Рыспай Абдыкадыров экөө дос болгон экен. Кандайча чогуу окуп калышкан?
— Рыспай аке мурда 3-курска чейин окуп, анан Бишкекте иштеп, антип-минтип жүрүп кайра барат. Ошентип экөө тайпалаш болуп чогуу окуган. Токон ал кишиден көп таасир алды. Рыспай Абдыкадыров ырларын көрүнгөнгө ырдатпайт эле. Ырлары кенен диапазондо, жогорку нотада алынган үчүн үнү жетпеген адамдар ырдаганда "ырды кыйнабай коюп кой" деп эле айтып салчу. Токонду үйүнө чакырып алып ырдатып, биринчи обондорун Токон алып чыгар эле. Экөөнүн мамилеси аябай жакшы болду, үй-бүлөбүз менен катыштык. Чет мамлекетке гастролго бирге чыгып жүрүштү. Токон чыгармачыл адамдар менен көбүрөөк катташты. Анткени аларды жан дүйнөсүнө жакын деп билчү жана жакшы тил табышчу.
Народный артист КР, композитор и певец Токон Эшпаев
© Фото / из семейного архива Эшпаевых
— Кызматтагы адамдар менен да мамилеси жакшы болуптур го...
— Бул кишинин мүнөзү жакшы болгондуктан кызматтагы адамдар ишеним артып, машина жибертип алдырган учуру болгон. Мен дайыма иште болгондуктан капыл-тапыл бир жакка чыга турган болуп калса деп дайыма кара чемоданын камдап койчумун. Ага аккордеонун кошуп алып кетчү.
1972-жылы Чаткал, Чоң-Алай жана Алай райондору өздөштүрүлө баштаганда ошол кездеги облустук аткаруу комитетинин биринчи катчысы Султан Ибраимов обончуну машинасына салып алып, экөө эл аралап, жер-жерлерди кыдырып калышты. Айдоочусун Токонго жөнөтсө эле ыйлактачу экен. Бир жолу түндө Токонду үйүнө жеткирип коюу үчүн барган Ибраимович анын айылын көрүп "Ош шаарынын жанында да ушундай артта калган айыл болобу?" деп чочуп кетет. Анан жол бою Токон айылдагы көйгөйдүн баарын айтып берет. "Бул Ишкаван деген кыштак. Машина каттабайт, жолу жаман. Муногу каналдан ылдый Өзбекстандын Ардай айылы жайгашкан. Бизде он жылдык мектеп, бала бакча, медициналык пункт да жок. Эч кандай социалдык түйүндөр каралган эмес", — деп обончу арызданган күндүн эртеси эле Султан Ибраимович райондун жетекчилерин бүт чакырып, атайын тапшырма берген экен. Арадан 3-4 күн өтпөй эле айылдын жолдору оңдолуп, бара-бара дүкөн курулуп, бала бакча, он жылдык мектеп салына баштаган.
Аз убакытта эле айыл көркүнө чыгып, киши жашоого ылайыкташып калган. Баягы баткак баскан айылыбыз таанылгыстай өзгөрөт. Эки бөлмөлүү үйдү көрүп, "үйдө ким менен турасың" деп сураганда бир бөлмөсүндө ата-энеси, экинчисинде өзү бала-бакырасы менен турарын айтат. Ошентип Султан Ибраимовдун буйругу менен Ош шаарынан бизге кезексиз үч бөлмөлүү батир берилген.
Кийин Султан Ибраимов: "Мына, Токон, айылыңды оңдоп койдук. Эми кандай ат коёлу?" — деп сураганда Керме-Тоо деп атап берүүсүн өтүнгөн экен.
Токон Эшпаев публицист, ишкер Табылды Эгембердиев менен.
© Фото / из семейного архива Эшпаевых
— Чыгармачыл адамдар гастролдо көп жүрөт. Сизде кызганыч болдубу?
— Андайлар болот. Токон да үй-бүлөгө берилген киши болчу. Кызгануу сезими болгондо мен да өзүмдү токтотчумун. Себеби мен да ырдачумун, бийлечүмүн. Экөөбүз тең эле ырдап жүрө берсек болбойт. Анткени жетишпеген турмуш, абышка-кемпирди кароо керек. Үй чарбачылыгын мойнума алайын, бул чыгармачылык менен толук алектенсин деп уруксат бергем. Анан өзүм шарт түзүп берип коюп, майда-чүйдө сөздөргө маани берип ызылдай берсем, бул киши өспөй калар эле. Андайларды көп көрдүк. Токондой эле таланттуу жигиттер үйдөгү ызы-чуунун айынан ырдабай мектепте мугалим болуп же башка жумушка өтүп кетишти. Ошон үчүн такыр бут тоскон жокмун. Бирок аябай бош коюп койгон окшойм, кийин анан Лирага тарттырып жибербедимби (күлүп).
— Жашоодо арманы, өкүтү болдубу?
— Арманы деле болгон жок. Институтту бүткөндөн кийин болбой армияга чакырып кетишти. Ал жакта деле ырдаарын айтса ансамблге кошуп, концерт коюп жүрүптүр. Кыйналган жок. Кийин маданият үйүндө директор, анан милицияда беш жыл иштеди. Ошентип Ошто филармониянын директору болуп калды. Сый-урматта жашап өттү. Эл артисти наамын ала албай жүрүп, аны деле каза болорго аз калганда берди.
Негизи кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген. Дарыгерлер боорго күч келет деп акыркы кезде көп ырдаганга тыюу салган. Себеби 3 килограммдан ашык көтөрүүгө болбойт эле. Аккордеону болсо 10 килограмм болчу. Ырдагысы келип ыр жаздыруучу студияга барып да ырдады. Буулукту. Акыры ошол оорусунун айынан каза болуп кетти да.
Токон Эшпаев "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", " "Керме-Тоо жылдыздары" сыяктуу элге тез сиңип кеткен бир топ ырларды жараткан.
© Фото / из семейного архива Эшпаевых
— Ал кишинин жеке турмушундагы башка кадамы сизге катуу тийсе керек?
— Ооба, башында кайната-кайненем 12 сомдон 24 сом пенсия алчу. Батирде туруп, аны төлөй албай кайра айылга кеттик. Кийин жер айдап киреше таап, оокат кылдык. Токон армияга кеткенде кайнатам катуу ооруп, кайра чакырттык. Анан кайнатамды жерге бергенден кийин кайненем менен айылда туруп калдым. Кышында эски тамдын кырк жеринен тамчы тамып, идиш-аяктын баарын тосчубуз. Анан бурчка баланы бөлөп, үстүнө клеенка жаап, кайненем экөөбүз уктабай таң атырган күндөрүбүз да болду. Кайнатамдын кыркылыгын өткөрүп, анан Ошко көчүп келдик. Он жыл барбай жүрүп кийин жаңы там салдык. Өзүм колунда бар кишинин кызы болчумун. Атамдар "кой, кызым, кембагал жер экен. Кыйналып каласың" дегенине көнбөй тийгеним үчүн алардан жардам сурай албадым. Ушунун баарын басып өтүп, анан колубузга эми аш тийгенде үйлөнүп алганда катуу стресске түштүм. Биринчи жолотпой "жалган" деп жатты. Ага ишендим. Мен анда шаардагы маданият бөлүмүн башкарчумун. Түштөн кийин мектепте директор болуп эки кызматты катар алып кеттим. Үйгө түнкү саат 1:00дө келет элем. Үйгө, балдарга көңүл бура албай иш менен алектенип жүрдүм. Биз концерттерде чогуу жүрүп калчубуз. Бир ирет Лиранын ичи чыгып калганын көрүп сурасам, Токондон экенин айтты. Ошондо ачык сүйлөштүк. "Ушундай болуп калды. Эки үй-бүлөм менен тең эле жашап турайын" деди. Мен "кечээки күндөрдү ойлоп көр, эгер аны менен да жашайм десең, биротоло бар" дедим. Ал ошону эле күтүп турган экен, "макул анда, өзүң уруксат берсең" деп чемоданын алып чыгып кетти. Кайненем колумда болчу. Улуу балабызды үйлөнтүп, неберелүү болуп калганбыз. Мен жумуштан келип алып, ошол неберени жыттап күн көрдүм. Бойго жетип калган кызымды турмушка бердим. Андан кийинки баламды үйлөнттүм. Материалдык жардам бере албаса да, албетте, тойлорго келип катышып жатты.
Акзыйнат бешке чыкканда кызды жетелеп "биз жашай албадык, кечир. Ооба, менден күнөө кетти. Мени караба, көңүл бурба, үйдүн бир бурчунда эле келип-кетип жашап турайын. Бирок мобу кызга жакшы тарбия берип, өз балдарыңдай кабыл ал" деп ыйлап келди. Мурда мен шаарга келгенде деле айтып жүргөн, бирок кулак салган эмесмин. Анан эми үйгө келгенден кийин түртүп чыгаруу кыйын го. Анын үстүнө кыз да дароо "апа" деп мойнума асылып, көнүп кетти. Кызды жууп-тарап, тарбиялап өстүрүп жаткам. Кийин ортодо кызды талашып-тартышып жүрүштү. Анан "кой, Токон, сотко берсе деле кызды энесине алып берип коёт. Энесине бер, бирок эс алууга чыккан сайын бизге келип турсун" дедим. Ошону менен кыз биздин үйгө да келип турду.
Токон 1950-жылы Кара-Суу айылынын Керме-Тоо аймагында төрөлгөн. Быйыл 21-июлда 72 жашка чыкмак.
© Фото / из семейного архива Эшпаевых
— Өмүрүнүн аягында оору менен алышып калганын айттыңыз…
— Өзү кант диабети менен ооруп, жылына ооруканага жатып турчу. Ал оору сөзсүз бир органды жабыркатат экен. Токондун бооруна бериптир. Акыркы жолу ооруканага жатканда врач мени чакырып, "боору жабыркаптыр. Жугушту оорулар ооруканасына жаткырып көрчү, жакшы болуп калса ажеп эмес. С гепатитине кабылыптыр" деди. Дарыланды. Бирок бул дарттын да мөөнөтү болот экен.
Уулубуз Көчмөндөр оюндарында жумушуна байланыштуу боз үй тиге турган болуптур. Балам келип "ата, апа, үй ээси катары Көчмөндөр оюндарында боз үйгө отуруп бербейсиздерби" деп калды. Ошондон улам "шашылыш эле дарыланып чыга калабыз" деген ойдо Ош шаардык ооруканасына жатып, дарыланып чыгып, анан Көчмөндөр оюндарына барууга ниеттенгенбиз. Ооруканага жаттык. Үчүнчү күн дегенде Токон өзүн жаман сезип жатканын айтты. Дарыгерлер сактап калууга аябай аракет кылышты. Акыркы мүнөттөрдө "өткөн иштин баарын кечирип, балдарыңды жакшы кара, мен кетип жатам" деп жылмайган боюнча эле кете берди.
— Балдарына керээз айтып жетиштиби?
— "Апаңарды жакшы карагыла, мен көрсөтө албай калган сыйды көрсөткүлө. Катуу айткан болсом кечиргиле, мен кетип жатам" дептир. "Эки күн мурда буту менен басып кирип, кантип эле тез эле кетип калат" деп балдар ишенбейт.
Андан мурда эртең менен мени жанына чакырып "балдардын баарын үйлөп-жайладык. Айылдагы үйдү кичүү уулга жаздырып, Ош шаарындагы батирди экинчисине бер" деди. Улуу балабыз өзү там салып алган. Улуу кызым турмушка чыгып, анын да тамы бар. Бир гана Акмаанайдын күйөөсү каза болуп, үйү жок эле. Бишкекте ЭлТРде иштеп батирде турчу. Юбилейинде балдары Токонго "жип" автоунаасын алып беришкен. "Сенден суранам, мобу "жипти" сатып Акмаанайга батир алып бер. Эгер унааны эле алгысы келсе аны бер" дегенде "койчу, жакшынакай болуп сакайып чыгасың. Анан өзүң бөлүштүр" деп тамашалап туруп кеттим. Көрсө, акыркы деми менен айтып жаткан экен. Анан жарым саат өтпөй эле каза болуп калды. Күтүүсүз болгондуктан көпкө өзүбүзгө келе албай жүрдүк. Ошондо "эскерүү концертин өткөрүшкөн жок" дегендер болуптур. Башына келгендер билет. Бирок эскерүү концертин өткөрө калып, элге билет сатып акча чогултуу оюбуз болгон жок. Жылдыгын, ашын берип, ал жагын жайгарган соң министрликке чалып, алар Токондун 70 жылдыгын берерде коронавирус башталып кетти. Кара-Суудагы маданият үйүнө аты берилген. Бирок ремонту жок, абалы абдан начар эле. Ошол себептен ал жакка эл чакыра албай жаттык. Быйыл мамлекет тарабынан 37 миллион сом бөлүнүптүр.