БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бутту учкаштырып отуруу адамдын ден соолугуна олуттуу кесепетин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу хирург-флеболог Армен Авакян маек куруп жатып айтканын "Известия" басылмасы жазды.
Дарыгердин айтымында, отурганда бутту учкаштыра калуу адаты көнүмүшкө айланган учурда адамдын кыр аркасы кыйшая баштайт. Бул өз кезегинде булчуңдардын чыңалуусун, арка сөөктөрдүн ортосундагы дисктердин эрте эле жарактан чыгышын, ошондой эле ортопедиялык илдеттердин пайда болушун шарттайт. Адис, мындан тышкары, көпкө чейин отурганда бутка кан жакшы жетпей, варикоз оорулары жаралышы мүмкүн экенин белгиледи.
"Организмди кыйнабаш үчүн көбүрөөк кыймылдап, көнүгүүлөрдү жасап, түз отуруу керек. Отурганда арка түз болуп, баш, ийин жана жамбаш бир деңгээлде болушу зарыл", — деди Авякан.
Флеболог кан айлануудагы көйгөйлөрдү алдын алуу үчүн организмге күч келтирбей машыгып, компрессиондук трикотаж кийип жүрүүнү сунуштады.