Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна жаштар командасы тандалат. График

Футболдук беттешке кирүү үчүн билеттер сатыла баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Бишкекте U-20 Азия кубогу-2023 мелдешине тандап алуу турунда ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол союзу билдирди.
Оюндардын графиги:
14-сентябрда Кыргызстан менен Иран;
16-сентябрда Кыргызстан менен БАЭ;
18-сентябрда Кыргызстан менен Бруней.
Футболдук беттешке кирүү үчүн билеттер сатыла баштады. Кыргыз футбол союзу 8-сентябрга чейин 50 пайыздык арзандатуу менен берилерин айтты.
Канттын "Абдыш-Ата" командасы Кыргызстандын футбол боюнча кубогун утту. Видео