Балдардын көрүүсү начарлап жатканын кантип байкаса болот? Дарыгердин кеңеши

Дарыгер жаш куракка карабастан жылына бир жолу же жарым жылда бир офтальмологго барып көрүнүп турууга кеңеш берди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Балдардын көзүнүн көрүүсү начарлап жатканын үч нерседен байкаса болот. Бул тууралуу офтальмолог, медицина илимдеринин кандидаты Елена Полунина "Комсомольская правда" басылмасына берген маегинде айтып берди.
Дарыгер белгилегендей, балдар начар көрүп жатканын өздөрү туюп-билип айта албайт, андыктан ата-энелер баамчыл болушу керек.
"Бала телевизор, телефон, китеп, дептерди канча аралыкта тиктей турганына көңүл бургула. Же болбосо смартфондун тамгаларын чоңойтуп, тиктеп жатканда көзүн жүлжүйтсө, бул дагы тынчсызданууга себеп. Буга чейин айланадагы заттарды, кишилерди канча аралыкта көрүп жүргөнүн да байкаш керек", — деди Полунина.
Дарыгер жаш куракка карабастан жылына бир жолу же жарым жылда бир офтальмологго барып көрүнүп турууга кеңеш берди.
Дарыгер витаминдин жетишсиздиги мээге кандай таасир этерин айтты