Ысык-Көлдө күн салкындайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Апта ичинде абанын эң жогорку температурасы 29 градуска жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Ысык-Көл облусундагы аба ырайынын бир апталык божомолу тууралуу маалымат берди.
Жума ичинде абанын эң жогорку температурасы 29 градуска жетет.
4-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтөт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 5-6-сентябрда айрым жерлерде өткүн өтөт.
7-сентябрда жамгыр жаабайт, бирок 8-сентябрда кайра күндүн көзү бузулуп, 10-сентябрга чейин тоолуу жерлерде өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми Чолпон-Ата, Каракол шаарларында 4-5-сентябрда күн ачык болот. 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, Караколдо жаабайт. Андан кийин 7-10-сентябрь күндөрү асман ачык турат.
Күн сууктайбы? Сентябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы