БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Россия көзөмөлүнө алган Снигиревка калаасынын администрация жетекчиси Юрий Барбашов Украина аскер күчтөрүнүн ишке ашпай калган контрчабуулунан кийин Николаевдеги шаарлардын өлүкканалары сөөккө толуп калганын айтып берген.
"Моргдордо бош жер жок. Учурда канга, сууга муктаждык күч болуп турат. Жарадар болгондорду керектүү нерсе менен камсыздоодо да тартыштык бар", — деген калаа башчысы.
Барбашов Снигиревкага да чабуул коюу аракети болгонун белгиледи.
"Бул алаксытуу үчүн жасалган чабуул болду окшойт, негизги сокку түндүк тарапка урулду. Бир нече жолу чабуул коюуга аракет жасалды, кесепети Украина Куралдуу күчтөрү үчүн абдан эле оор болду. Билишимче Николаевдеги ИИМдин госпиталына жарадар болгон 400 киши алып келинген. Тез жардам ооруканасында деле жагдай ушундай эле. Жалпы жонунан Николаевдин ооруканалары менен госпиталдарына 2000ден ашуун адам жеткирилди", — деди мэр.
Ал маалыматтарды медициналык мекемелерден алып жатканын кошумчалаган.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөр Владимир Зеленскийдин буйругу менен Украинанын түштүк тарабына жасалган чабуулунун мизин кайтарганын кабарлаган. Натыйжада Киев 2000ден ашуун аскер кызматкеринен ажырады.
Эскерте кетсек, РФ аскер күчтөрү Николаев облусунун бир бөлүгүн, анын ичинде Снигирев районун да өз көзөмөлүнө алган. Бошотулган калктуу конуштар Херсон облустук администрациянын карамагына өттү.