Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ армиясынын Украина аскерлеринин чабуулун токтоткон учуру. Видео

Россия 24-февралдан бери Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операция жүргүзүп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Украина аскерлеринин чабуулун токтоткон учуру түшүрүлгөн видеороликти жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кадрларда россиялык десантчылардын коргонуусун, жабык позициядан 82 жана 120 миллиметрлик калибрдүү миномёттордон атуу процессин көрүүгө болот. Аба-десант күчтөрүнүн бөлүгү учкучсуз аппараттардан алынган маалыматтардын негизинде Украина жөө аскер күчүн жок кылган.
"Техниканын үнүн угуп, учкучсуз аппарат учурдук. Биздин артиллерия каршылашка эч мүмкүнчүлүк берген жок. Танктар, гранатомёттор иштеди. Эки сааттай туруштук беришти. Убакыт бердик, жарадар болгондорун алып чыгууга мүмкүнчүлүк болду. Кантип алып чыгып кетип жаткандарын, баарын көрүп турдук. Аларга эч ким ок чыгарган жок", — деп айтып беришкен россиялык жоокерлер.
Эскерте кетсек, Россия 24-февралдан бери Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операция жүргүзүп келет. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге кабылган калкты коргоо" деп атаган. РФ лидеринин айтымында, Донбассты бошотуп, Россиянын өзүнүн коопсуздугун кепилдей турган шарттарды түзүү башкы максат.
Россиялык армия ЛЭР жана ДЭР аскер күчтөрү менен биргеликте Луганскини толук жана Донецкинин басымдуу бөлүгүн бошоткон. Анын ичинде Волноваху, Мариуполь жана Святогорск шаарлары да бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Энергодардагы украиналык десант, МАГАТЭ миссиясы жана РФ күчтөрүнүн аракети