"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына өз эмоцияларын башкара албаган жана өзүн баалаганды үйрөнүүнү каалаган аял кат жазган.
Саламатсыздарбы. Жакында эле социалдык тармактан "эмоционалдык интеллект" тууралуу окуп калдым. Ошондон тарта ойлоно баштадым. Чынында эле менде ушул көйгөй бар экен. Байкасам менде эле эмес, көп адамдар эмоционалдык интеллект жагынан жабыркайт. Себеби коомдук транспортто, көчөдө, коомдук жайларда бири-бири менен урушуп кеткени, бир нерсе жакпаса мурду менен бир тийгени ушул интеллекттин жоктугунан окшойт деп калдым.
Маршруткада кетип баратып же бир жерде кезекте турсам деле мага тиешеси жок нерселерге кабатырланып, ачууланып, кээде кадимкидей кайгырып калам. Анан да үйдө бирөөгө ачуум келип жатса башкалардан чыгарып алмай адатым бар экен. Ошондой эле бирөөнү жактырбасам дароо кебетемден билдирип же кагып салам. Бир жерде турсам жанымдагылар шашып жатса мен деле шашып же бир нерсеге тынчсызданып сүйлөнө берем. Ушул адаттарымдан тажап кеттим. Маанайым бат түшөт. Өзүмдү күнөөлөй берем. Ошондон кийин эч нерсеге көңүлүм келбей калат. Ушунун айынан үйдө көп жаңжал болот. Жолдошумду капа кылып алган күндөрүм да жок эмес. Ал "сенде баары жакшы, болгону акыркы учурда өзгөрүп кеттиң. Ар нерсеге кабатыр боло бербечи, наалып, кейигениңди таштачы" деп жайдары, сабырдуу болушумду айтып жатат. Мен деле түшүнүп жатам, бирок колумдан келбейт. Азыр балдар менен үйдө болгондуктан биринчи орунга үй оокатын коёрумду байкадым. Баарын таштап туруп өзүмдүн эс алуума шарт түзүүнү такыр ойлобойм. Эмнегедир мага жашоо кызыл-тазыл, жашыл өңдө эмес, боз болуп калгандай сезилет. Ичимде баары чачылып, мени баары жаман көрүп жаткандай. Жан дүйнөмдү иреттегенге жардам сурайм. Мен өзүмдү сүйүп, балдарыма мээрим төккөн эне болгум келет.
"Кыргызча психология" долбоорунун мүчөсү, психолог Айнек Муратбекова:
— Саламатсызбы. Туура белгилеп өттүңүз, учурда эмоционалдык интеллект абдан актуалдуу болуп жатат. Чындыгында ЭИ (эмоционалдык интеллект — ред.) жашообузда абдан маанилүү.
ЭИ — убагында өзүбүздүн, ошол эле учурда башкалардын ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын аңдоо, ошондой эле эмоцияларыбызды жана абалыбызды анализдей билүү жөндөмү. Кыскача айта турган болсок, эмоцияларды таануу жана тамырын көрө билүү.
Эмоционалдык интеллектинин 20га чейинки компоненти бар. Негизгиси төртөө. Алар: өзүн-өзү таанып билүү, башкаруу, эмпатия жана башка адамдар менен баарлаша билүү. Негизинен адам өзүн сыйлоону, эмоционалдык жактан аң-сезимдүү болууну, өзүн аңдай билүүнү, социалдык жактан жоопкерчиликтүү болууну, ийкемдүүлүктү, өзүн-өзү өнүктүрө билүүнү үйрөнүшү керек. Эмоционалдык интеллект ушул компоненттерден турат.
Булардын ар биринин маанисине токтолсок, адам өзүнүн алсыз жактарын таанып, аны кабыл алып, анын үстүнөн иштей билиши керек. Өзүбүздү көзөмөлгө алууну өнүктүрүү абзел. Эмпатия - өзүңдү башка адамдын ордуна коё билүү. Анын аракеттерине баа бербестен, анализ кылбастан, сындабастан жөн гана анын эмоцияларын түшүнө билүү.
Өзүн-өзү сыйлоодо өзүңдүн күчтүү, алсыз тараптарыңды таанып билип, ошого жараша өзүңө баа берип сыйлайсың. Учурдагы эмоцияңызды таанып, кайгырып, капаланып, ачууланып же сүйүнүп жатканыңызды аңдаңыз. Адамды башка бирөө толук тааный албайт. Адам өзүн-өзү жакшы билиши керек. Көз карандысыздык компоненти канчалык бекем болсо, ЭИ ошончолук жогору болот. Себеби бирөө кыйкырып, жаман сөз айтып да эч качан сиздин көз карандысыздыгыңызды буза албайт. Тактап айтканда, маанайыңызга кедерги болбойт.
Андан кийинкиси ийкемдүүлүк. Азыр технология өнүккөн заманда адам шартка, абалга жараша ийкемдүү болушу керек. Ошондой эле башка адамдардын жанында өзүңүздү ыңгайлуу сезип, тез тил табышып кетсеңиз да бул сиздин эмоционалдык интеллектиңизди жогорулатат. Жан дүйнөсү бай, жогорудагы компоненттер толук болгон сайын адам башкалардын ызы-чуусуна, көйгөйүнө маани берип, бушайман болбойт. Стаканда эмне болсо ошону ичкендей эле, ичиңизде бакыт болсо башкаларга да бакыт бере аласыз. Эң башкысы — адам өзүн таанып башташы керек. Бирок эч качан эмоцияны кармабайбыз. Болгону ага болгон аракеттерди көзөмөлдөйбүз. Кандай гана эмоционалдык абал болбосун анын себеби бар. Мисалы, бала да жөн жерден ыйлабайт. Анын курсагы ачка же бир жери ооруп жатат. Ошондой эле сиздин агрессияңыздын түбүндө да бир себеп бар. Бирок ачууланып жатам деп эле үйдөгүлөрдү урушуп же эшикти тепкилөө туура эмес. Бирөө менен сүйлөшүп же тоого барып кыйкырып чыгаруу керек. Демек, эмоциянын жакшы же жаманы болбойт. Ал эми ага карата реакцияны, кыймыл-аракетти көзөмөлдөө керек. "Өзүмдү көзөмөлдөй албай, үй-бүлөмө жакшы мамиле кыла албай жатам" дедиңиз. Ал үчүн өз эмоцияларыңызды күндөлүккө жазышыңыз керек. Мисалы, "мен жумушта бир кесиптешим менен урушуп кеттим, ага карата минттим" деп жазасыз. Анан ошол эмоцияга сиз кандай реакция кылдыңыз? Ушинтип байкоолорду жүргүзө бересиз. Ушул жол менен өзүңүздү баалоону үйрөнүп, кемчилигиңизди тааныйсыз.
Анан дагы "мен элчимин" деген көнүгүү бар. Мында бирөөнү күнөөлөөдөн мурда өзүбүзгө арачы болгонду үйрөнөбүз. Башкача айтканда, "жумуштан эмнеге кеч келдиң? Балдарды каралашпайсыңбы?" дегендин ордуна "жумуштан кечиккениңе мен кабатыр болдум" деп өз абалыбызды айтып турабыз. Ал эми "тыным" деген да көнүгүү жардам берет. Бир адам сизди негативге түртсө, ага дароо реакция кылбай ойлонуп, өзүбүздү токтотобуз. Дароо терс реакция кылбаса, стресстин гормону картизол басылып калат.