Радио

Бердиев: ЕАЭБ жана КМШнын II Жаштар форуму Россияда өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Бердиев Чолпон-Атада өткөн ЕАЭБ жана КМШнын I Жаштар форуму өз максатына жеткенин белгиледи.
Sputnik
Россия эмдиги жылы ЕАЭБ жана КМШнын II Жаштар форумун өткөрмөй болду. Бул тууралуу Таалайбек Бердиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган форум демилгеленгенде аны жыл сайын өткөрүүгө аракет кылуу пландалган.
"Форумга катышуу үчүн 11 мамлекетке чакыруу жөнөтүлгөн. Анын ичинен алтоо катышып, калгандары ар кандай себептер менен келе албай калышты. Форумга "Жаш мамлекеттик кызматкерлер", "Жаш ишкерлер", "Креативдүү жаштар", "Билим берүү жана коомдук долбоорлор" багыттары боюнча ар бир өлкөдөн төрттөн, анан маданият өкүлдөрү болуп, жалпы 20дан адам келди. Кыргызстандан уюштуруучу катары ар бир багыт боюнча ондон өкүл катышты. Бул үчүн атайын иш тобу түзүлүп, тийиштүү талаптарга жооп берген 40 активдүү жаш тандалды. Катышуучулар мындай платформанын зарыл экендигин белгилеп, улантуу керектигин айтышты. Мындан улам ЕАЭБ жана КМШнын II Жаштар форумун Россия өткөрүүнү мерчемдөөдө. Башында ушундай максат коюлган эле. Ошондуктан аталган форум өз максатына жетти деп айтууга болот. Бул форум креативдүү жаштар жана миграция маселеси жаатында пикир алмашууга жакшы аянтча болот. Ошондуктан анда сунушталган демилгелерди ишке ашырып, натыйжа чыгаруу зарыл", — деди Бердиев.
Ошондой эле ал эл аралык деңгээлде жаштардын байланышын күчөтүү жакшы натыйжа берерин кошумчалады.