Беларусь президенти Александр Лукашенко жөн бекер сүйлөбөйт. Анын агрессор өлкөлөргө Беларусь Куралдуу күчтөрү тактикалык өзөктүк курал менен сокку узатып жооп кайтарышы мүмкүн деген сөзүнөн кийин Батыштагылар буйдала түштү. Коңшулар ким, кандай кырдаалда, качан жапа чегиши ыктымал экенин биле жүргөнү жакшы дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Түндүк атлантика альянсынын кастарын тиккен үч мамлекети жана Украина менен чектешкен Беларусь алсыздай көрүнүшү мүмкүн, мындан улам көптөн бери эле жамааттык Батыштын аскердик-саясий кысымына кабылып келет. Бирок Союздук өлкө (Беларусь менен Россия) республиканы Россияныкындай эле өзөктүк потенциалы бар баш баккыс чепке айлантууда. Беларусь Куралдуу күчтөрүнүн учактары өзөктүк курал алып жүргүдөй болуп кайра жабдылды, демек, Минск Батыш мамлекеттеринин чабуулуна күттүрбөстөн жооп кайтара ала турган айбаттуу өлкөгө айланды.
Беларусь президенти Александр Лукашенко өткөн жума күнү Atlantic Resolve ("Атлантика чечкиндүүлүгү") операциясынын алкагында Чыгыш Европага америкалык аскер техникасынын жайгашуусуна комментарий берип жатып: "Абалды курчута турган болсо учагы да, тик учагы да сактай албай турганын түшүнүүлөрү керек. Путин экөөбүз Питерде беларустук Су учактарын өзөктүк курал алып жүрө алгыдай кылып кайра жабдыйбыз дедик эле... Баары даяр болду!", — деди. Беларуста жооп узатуу үчүн тийиштүү куралдын баары жетиштүү.
Бейшемби күнү Лукашенко эгер АКШ Польшага өзөктүк куралга тийиштүү нерселерди жеткире турган болсо, Минск Москва алдына өзөктүк куралга ээ болуу маселесин коё турганын билдирди. Бул жерде кеп Беларустун Аскер-аба күчтөрүнүн Су-24М бомбардировщигин модернизациялоо (тактикалык өзөктүк куралды пайдаланууга технологиялык даярдык) тууралуу болууда.
Буга чейин РФ президенти Владимир Путин Беларусь лидери Александр Лукашенко менен болгон жолугушууда Минскиге "Искандер-М" комплексин берүү чечими кабыл алынганын, республика аны жакынкы айларда баллистикалык жана канаттуу ракеталары менен кошо аларын айткан. Ошол эле жерден россиялык президент эки өлкөнүн аскерий ведомстволоруна бардык деталдарын иштеп чыгууну сунуштаган. Бирок НАТОчуларды беларустук бомбардировщиктерди тактикалык өзөктүк курал менен жабдуу тууралуу маалымат көбүрөөк кызыктырып жаткандай. Себеби эмнеде?
Узатылчу жооп
Александр Лукашенко Буларусь НАТО тарабынан жасалчу чагымчыл аракеттерге даяр экенин, сокку урулуучу бута аныкталып, чечим чыгаруучу борборлор белгилүү болгонун билдирди. Батыш бейөзөктүк Беларусь өзөктүк куралды пайдалануу боюнча Россия менен биргелешкен макулдашууга мыйзамдуу тартылышы мүмкүн экенин жакшы түшүнөт. Эгер согуш чыгып кетсе Бельгия, Германия, Италия жана башка мамлекеттердин америкалык B-61 термоөзөктүк бомбаларын колдонушундай эле кеп. Беларусь президентинин Су-24М бомбардировщиктеринин даяр болгону тууралуу сөзү батыш адистеринин кызуу талкуусун жаратты, себеби аталган аскердик мүнөздөмөсү учактын өзөктүк курал пайдалануу жаатында жаза баспай турганын көрсөтүп турат.
Американын Military Watch басылмасы Беларусь Куралдуу күчтөрүнүн Россия бере турган жүздөгөн бир типтүү машиналардан тышкары 30 Су-24М учагы бар экенин эсептеп чыккан. Макалада өзөктүк куралдын жаңы Су-30СМ истребителдери менен интеграцияланышына өзгөчө көңүл бурулган. Ошентсе да Су-24М дүйнөдө мыкты боюнча калууда.
Су-24Мдин аймактын рельефине карап өтө бийик эмес күнү-түнү учуу жөндөмдүүлүгү учакты каршылаштын ПВО каражаттары үчүн көзгө көрүнгүс, дээрлик кармалгыс кылып коёт. Тактикалык өзөктүк октун бутага жетери эч шек жаратпайт. 8 тонна жүк менен учкан Су-24М 1500 килограммдык төрт бомба көтөрүп жүрө алат. Жерде саатына 1400 чакырымга чейин жүрсө, абада ылдамдыгы 2320 чакырымга жетет. Аскердик радиусу 560-1300 чакырым деп белгиленген.
Майтарылгыс "ардагер" бир нече ирет модернизацияланып, заман талабына ылайыкташып келет. Мисалы, "Гефест" деп аталган мээлөө-навигациялык СВП-24 комплекси бомба жана ракеталык соккуну үч эсе таамай урууга мүмкүнчүлүк берет. Учкучтар Су-24Мдин жөндөмүн жогору баалап жатышат, ал эми тактикалык өзөктүк куралдын жайгаштырылышы бул учактын сапатын мындан да арттырмакчы.
Ал арада НАТО Беларустан 500 чакырым аралыкта жайгашкан Швеция менен Финляндиянын эсебинен кеңейүүсүн улантууда. АКШнын Киев режимине көрсөткөн миллиарддаган долларлык аскерий жардамын Россия менен Беларусь союздук республикага кооптуулук жараткан чыр-чатакка түздөн-түз катышуу деп кабылдайт. Европадагы абалды Москва менен Минск курчутуп жаткан жок, бирок агрессияга катаал жооп кайтарууга эки өлкө тең даяр турат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар