БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев "Ала-Тоо 24" каналына маек берип жатып, 12 жылдык окууга өтүү боюнча бул жылы активдүү иштер башталганына токтолгон.
"2023-окуу жылынан тарта 12 жылдык окуу системасына өтүп баштайбыз. Бул бир жылда өтчү процесс эмес. Биздин план боюнча ага үч жыл керектелет. Мурда калыптанып калган даярдоо классы 1-класс болуп эсептелип, эч кандай жыл кошулбайт. 11-классты 12-класс деп атап коёбуз. 12 жылдык окууга өтүү үчүн программалар да өзгөрмөкчү. Ал үчүн катасы көп, сапаты начар китептерди сорттоп, инвентаризация жүргүзүлөт. Эмдиги жылы билим берүү тармагында жаңы барак ачылат. Ал үчүн быйыл жигердүү иштер башталды. 1-класстын "Алиппе" китебинен тартып бардык окуу китептери ылайыкталып, өзгөртүлмөкчү", — деди министр.
Буга чейин министрлик 12 жылдык окуунун артыкчылыктарын тизмектеп берген. Мекеме бул системага өтүүгө даяр экенин айтып, ал ишке ашып калса бала бакчалардын жүгү кыйла азаярын белгилеген.