БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Айрым витамин, нутриенттердин жетишсиз болушу мээнин иштөөсүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал. Бул тууралуу терапевт, дерматолог Наталия Андрианованын айтымына таянып "Известия" басылмасы жазды.
Маселен, В тобундагы витамин аз болгон учурда нейропатия өрчүп, эс тутум, ойлонуу жөндөмдүүлүгү начарлайт. Ал эми канда В9 витамини жетишсиз болсо, мээнин функциясы бузулуп, деменциянын өрчүшүн шарттайт.
"Магний жетпесе адамдын тынчы кетип, чарчап, эч нерсеге көңүлү тартпай, башы ооруп, унутчаак боло баштайт. Стресс болгондо магний организмден тез эле жуулуп кетет. Ошол себептен ал адамга абдан керек", — деди Андрианова.
Дарыгер аскорбин кычкылы да керектүү витамин экенин белгилеген. Анын айтымында, бул витамин чарчоону жазып, мээдеги кан айланууну жакшыртып, ткандарга кычкылтекти жакшы жеткирет.