17 ирет бычак урган. Ноокенде мурдагы аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери барганда келиндин сөөгү шаардагы кафелердин биринин короосунда жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 24 жаштагы аялды 17 ирет бычак сайып өлтүргөн деген шек менен мурдагы күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.
Шектүү
Маалыматка ылайык, 27-августка караган түнү саат 02:40тар чамасында Кочкор-Атадагы кафелердин биринин короосунда аялдын сөөгү жатканы тууралуу милицияга кабар берилген.
"Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барганда каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экени аныкталды. Анын сөөгү соттук-медициналык экспертизага берилип, денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.
Ноокен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү шектүү катары киши колдуу болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын 33 жаштагы А.И. аттуу тургунун кармаган. Ал соттун чечими менен эки айга камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголгон.
Таласта балдарынын көзүнчө аялын сабап өлтүргөн автоинспекторго өкүм чыкты