Кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Тизме

Мекеме жаңылоо иштери көрсөтүлгөн убакыттан эрте бүтүшү мүмкүн экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бүгүн, 2-сентябрда, кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрүү пунктулары убактылуу жабыларын УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Ага ылайык, бекеттерде тышкы миграцияны эсепке алуу боюнча бирдиктүү системанын техникалык базасын жаңылоо иштери жүрөт. Мындан улам төмөнкү өткөрүү пунктулары жабык болот:
Саат 11:00дөн 13:00гө чейин "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пункту;
Саат 14:00дөн 16:00гө чейин "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү пункту;
Саат 17:00дөн 20:00гө чейин "Токмок" көзөмөл-өткөрүү пункту.
Мекеме жаңылоо иштери көрсөтүлгөн убакыттан эрте бүтүшү мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандардан өз маршрутун алдын ала пландап алуусун өтүндү.
Эми мектептерде аскерге чейинки даярдык күчөтүлүп окутулат. Маек