Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аскердик эксперт Киев өтө кооптуу чекке жакындап калганын эскертти

Эксперт Батыштагы союздаштар Киевдин ЗАЭСтеги чагымчылыгын канча убакытка чейин колдой турганы белгисиз экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Киев тоталдык согуш логикасынан улам Запорожье АЭСинде өзөктүк апаат уюштурушу ыктымал. Бул тууралуу аскердик эксперт Евгений Норин "Украиной.ру" басылмасына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Ал өзөктүк станциянын конструкциясы бышык экенин айтып, бирок Украинанын максаттуу соккусу аны толугу менен кыйратышы мүмкүн экенин белгилеген.
"От менен ойнобо" дегендей атомдук станция менен "ойногондун" аягы жаман бүтүп калышы ыктымал. Украина тоталдык согуш логикасы менен бара жатат. Бирок булар кооптуу чекке келип калды. Биринчи өзөктүк катастрофаны баштан өткөргөндөр экинчисине барууга аракет кылып жатышат", — деген Норин.
Эксперт Батыштагы союздаштар Киевдин ЗАЭСтеги чагымчылыгын канча убакытка чейин колдой турганы белгисиз экенин айтып, алар болушу мүмкүн деген өзөктүк катастрофанын кесепетин дүйнө элинен жашыра албай турганын кошумчалаган.

Тарыхы

Объект Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери, тагыраагы, март айынан тарта орус аскерлери тарабынан АЭС кайтарылып келген. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо. Кырдаал менен жеринен таанышуу үчүн аталган аймакка Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) өкүлдөрү келген. Бирок алардын ЗАЭСке киришине Киев каршы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин аскерлери АЭС жайгашкан Энергодарды токтобой аткылап жатышат. Видео