Пресс-борбор

Министрдин орун басары Чолпон-Ата форуму жөнүндө: жаштар кубанычта болду

Надырбековдун айтымында, форумдун айрым делегаттары дагы бир нече күн калууну каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Чолпон-Атада болгон КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар форумуна катышкандардын иш-чарадан алган таасирлери тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык пресс-борборунда өткөн "КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар форумунун жыйынтыгы: кандай демилгелер ишке ашырылат" аттуу Москва — Бишкек — Ереван — Минск видеокөпүрөсүнүн жүрүшүндө маалымат берди.
Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргызстан меймандос өлкө экени белгилүү, андыктан катышуучуларга жакшы таасир калтыруу үчүн бардык аракеттер көрүлгөн.
"Биз маданиятыбызды, анын ичинде көчмөн маданиятыбызды көрсөтөлү дедик. Кырчын жайлоосунда өткөн форумдун акыркы күнүндө 200дөн ашык адамдын катышуусунда маданий программа уюштурдук. Буга чейин мындай иш-чараларды эл аралык делегациялардын жетекчилерине, президенттерине көрсөтүп келгенбиз. Бул жолу ушундай эле деңгээлде жаштарга уюштурдук", — деди ал.
Надырбеков форумдун катышуучуларынын көбү Кыргызстанга алгачкы ирет келип, маданияты менен таанышканын кошумчалады.
"Жаштар өтө кубанычта болушту. Форум Ысык-Көлдүн жээгинде өткөндүктөн, катышуучулар үчүн кеме менен саякат уюштурулду. Мындай майда нерселер жана чын дилден жасалган мамиле иш-чарадан жакшы таасир калтырат эмеспи. Кээ бир делегаттарыбыз дагы бир нече күн калууну каалады! Бул форумдун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдиребиз", — деди ал.
1 / 2

Жаштар форуму 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн

2 / 2

Ал ЕАЭБ жана КМШнын алты өлкөсүнөн келген жаш активисттердин, дипломаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин башын бириктирген

Жаштар форуму 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн. Ал ЕАЭБ жана КМШнын алты өлкөсүнөн келген жаш активисттердин, дипломаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин башын бириктирген.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштары 10 долбоор сунуштады