Радио

Жаныбеков: быйыл 1,6 млрд. сомго айыл чарба техникасы лизингге берилди

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков кийинки жылдын жазында себүүгө 6,7 миң тонна жогорку сапаттагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү даярдалганын айтты.
Sputnik
Үстүбүздөгү жылдын жети айында 1,6 миллиард сомго 524 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул тууралуу Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча былтыркыга караганда эки эсе көп лизинг берилмекчи.
"Айыл чарба министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат. Учурда айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингге берүү өкмөттүн колдоосу менен мамлекеттик жана коммерциялык банктардын жардамы аркылуу ишке ашып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 7 миллиард 862,3 миллион сомго 4299 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга тапшырылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын жети айында 1,6 миллиард сомго 524 айыл чарба техникасы лизингге берилет. Бул айыл чарба жерлерин сапаттуу иштетип, жакшы түшүм жыйноого жол ачууда", — деди Жаныбеков.
Ошондой эле аткаминер бул жылы лизингге Чүй облусуна 142 техника, Ысык-Көл чөлкөмүнө 74, Ош өрөөнүнө 102, Жалал-Абадга 105, Талас жергесине 52, Нарын чөлкөмүнө 40 жана Баткен облусуна 9 айыл чарба техникасы алынганын кошумчалады.