Жапаров Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне кеп болду

Эки президент Самаркандда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин күн тартибин да талкуулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Мирзиёев Жапаровду Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы менен жылуу куттуктап, боордош элге жакшы каалоо-тилектерин айткан.
Ал эми Жапаров куттуктоого ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеген.
"Ал көп кылымдык тарыхый байланыштары бар эки элдин ортосундагы мамилени акыркы жылдарда стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгаруудагы Шавкат Мирзиёевдин жеке салымын өзүнчө белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки президент быйыл, 15-16-сентябрда, Самаркандда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин күн тартибин да талкуулаган.
Жапаров андан сырткары биргелешкен күч-аракет менен бир туугандык жана ынак коңшулук кыргыз-өзбек мамилелери мындан ары да динамикалуу жана ырааттуу өнүгө берерине ишенимин билдирген.
Дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүнүн лидерлеринен Кыргызстанга куттуктоолор келип түшүүдө