БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эс тутумдун начарлашы бир катар олуттуу оорулардан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу невролог Ольга Пенчук билдирип, илдеттерди санап бергенин "Известия" басылмасы жазды.
Дарыгер белгилегендей, калкан безинин патологиясында, атеросклероз, анемия, ашыкча салмак, депрессия, кант оорулары, кант диабетинде, мээде шишик пайда болгондо адамдын эс тутуму начарлашы мүмкүн.
"Чылым чегип, спирт ичимдигин көп ичкенде, баштан жаракат алганда, В12, D жана башка витаминдер жетишсиз болгондо жана айрым дарыларды ичкенде да эс тутум начарлап, адам унутчаак болуп калат", — деген невролог.
Медик бул болгону божомол экенин айтып, ар бир ооруну так аныктоо үчүн адистерге кайрылууну сунуштаган.
Буга чейин адистер мээдеги шишик чыкый жакта болсо угуу менен эс тутум начарлай турганын айтышкан. Мындайда оорулуу адам башкалардын эмоциясын да айырмалай албай калат.